Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-январда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчысы Бөкөнбай Казаковду кабыл алды. Мамлекет башчыга коррупциялык кылмыштардын бетин ачууда жасалып жаткан иштер, 2015-жылдын жыйынтыгы, коррупция менен күрөшүүдө аталган кызматтын мындан аркы пландары тууралуу маалымат берилди.
Казаков 2016-жылы мамлекеттик бийликтеги коррупция системин жоготууга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
Өлкө жетекчиси өлкөдө коррупция менен күрөшүүнү мындан да күчөтүү, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын жасаган иштери улуттук экономиканын эффективдүүлүгүн көтөрүүдө жана анын коопсуздугун камсыздоодо маанилүү экенин айтканын билдиришти президенттик аппараттан.