Башкы прокуратура "Индира Жолдубаева отставкага кеткени жатат" деген маалыматты расмий түрдө четке какты

Интернеттеги "башкы прокурор Индира Жолдубаева отставкага кетүүгө ниеттенип жатат" деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жарыялады.

"Башкы прокурордун кызматтан кетүү боюнча планы бүгүн да, бир ай мурун да болгон эмес. "Индира Жолдубаеванын өзүнөн маалымат алуу мүмкүн эмес болууда" деген маалымат да ойдон чыгарылган, анткени бул маселе боюнча телефон чалуулар же башка аракеттер болгон эмес. Башкы прокуратуранын башчысы адаттагыдай режимде иштеп жатат. Бүгүн ал өлкөдө коррупция менен күрөшүү боюнча маалымат берген",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан