Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын ичинде дагы өзгөрүүлөр болору күтүлөт. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Канат Исаев 28-январда телеканалдардын бириндеги түз эфирде билдирип, муну кадимки көрүнүш катары баалады.
"Шайлоо алдында бардык партиялар талапкерлерине талап койгон, талапкерлер өздөрүнө милдеттенме алышкан. Элдин добушуна эл болгондор гана депутат болушу керек. Ушуга байланыштуу биздин фракцияда айрым маселелер чыкты. Фракциянын ичинде дагы өзгөрүүлөр жүрөт, министрликке кетчү депутаттар болот. Айтор, фракцияда бир топ орун алмашуулар күтүлөт",- деди фракция лидери.
Эскерте кетсек, жакында "Кыргызстан" фракциясынын эки депутатын БШК мөөнөтүнөн мурун мандаттан ажыраткан. Ал депутаттар "биз мандаттан баш тартууга арыз жазган эмеспиз, фракция жетекчилиги жасалма арыздын негизинде биздин ыйгарым укуктарды мыйзамсыз токтотту" деп арызданып, бирок Жогорку Соттон утулушту.