"Жогорку Кеңеште акыйкатчыны шайлоодо, балким, анча-мынча ишенимден кеткендер текшерилген чыгар",- деген божомолун бүгүн, 28-январда телеберүүдө Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков айтты.
Анын айтымында, акыйкатчыны шайлоого ал өзү катышкан жок. "Мен ошол жабык добуш берүү болгон күнү жыйында болбой калдым. Ошондуктан ички кырдаалды айтышым кыйын. Мен фракция лидеринин милдетин тапшырып кеткем. Негизи, биз өзүбүздүн партиялаштарыбызга ишендик. Алар татыктуу адамга добуштарын беришти. Эки депутат ким кайсы талапкерге добушун бергенин текшерип жатканы айтылууда. Балким, алар анча-мынча ишенимден кеткендерди текшеришкендир",- деди Турсунбеков.
Айта кетсек, 2015-жылдын 30-январында Жогорку Кеңештин депутаттары жабык добуш берүү аркылуу акыйкатчыны шайлашкан. КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары сунуштаган Кубат Оторбаев 63 добуш топтогон. Башка талапкерлер Рита Карасартова ("Республика-Ата Журт") жана Алишер Мамасалиев ("Өнүгүү-Прогресс") 26 добуштан алышкан.
Добуш берүү жүрүп жатканда урнага чейинки жолдо КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев жана "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Азиз Турсунбаев добуш берген депутаттардын бюллетендерин текшерип жатышканы байкалган.