2016-жылдын 1-февралынан тарта өкмөт доллар менен берилген ипотека боюнча насыяларды сомго которуу боюнча программаны ишке ашырууну пландап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул маселе боюнча өкмөттө бир нече жыйындар өткөрүлүп, насыяларды сомго өткөрүү боюнча ар кандай варианттар каралган. Акыркы чечим кабыл алынып, тиешелүү токтом премьер-министрдин кол коюусуна жөнөтүлгөнү маалым болду. Токтомго кол коюлган соң, өкмөт коомчулукка түшүндүрүү иштерин баштамакчы.