Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы базарларды иретке келтирүүнү тапшырды

Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы базарларды иретке келтирүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, премьер-министр Бишкек шаарын маданий, билим берүү жана финансылык борборго айландыруу үчүн иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, борбор калаадагы базарлардын айланасындагы шарттар талапка жооп бербейт. “Биз шаардын тургундарын сапаттуу, жогорку тейлөө көрсөтүү менен камсыздообуз керек. Бул жагынан мэрия базарларды иретке салуу боюнча ишти күчөтүшү зарыл”, - деди Темир Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан