Шашылыш билдирүү! 28-31-январда унаа жолдоруна кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдирген маалыматы боюнча, 2016-жылдын 28-январынан 31-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөбүздүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138, 198-265 жана 355-370-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкүнүн түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Жогорудагы шашылыш эскертүүлөрдүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 27-январында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүүлөр жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан