2016-жылдын 29-январында Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа биримдигинин долбоору КРнын Жогорку Сотунун колдоосу менен өлкөдөгү сотторду эффективдүү башкаруу маселелери боюнча тегерек стол өткөрүүдө.
Мында судьялардын жана соттордогу иштердин көптүгү, судьяларга баа берүүнүн регулярдуу системи жана соттордун төрагаларын окутуунун атайын программасын уюштуруу суроолору каралат. Анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун экс-төрайымы Максуда Оморова өлкөбүздөгү соттордун абалы тууралуу маалымат берүүдө. Ал эми Германиянын Бамберг шаарынын сотунун экс-төрагасы Манфред Берт кесиптештерине өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү.
Европа биримдиги сотторду эффективдүү башкаруу үчүн пилоттук түрдө Аламүдүн, Свердлов райондук сотторунда жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда маалыматтык технологиялардын системин киргизмекчи. Буга кошумча соттордогу башкаруунун эффективдүүлүгү, сот отурумдарынын создуктуруусун, сот өндүрүшүнө байланыштуу каржылык жана убактылуу чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле жарандардын сот адилеттигине жеңил жетүү сыяктуу суроолор боюнча көмөктөшмөкчү.