Кыргыз Республикасында KG сериясындагы бир эле номур болот - президенттин автоунаасынын номуру. Муну парламенттин 4-февралдагы жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев билдирип, калган номурлардын баары жок кылынарын айтты. "01 KG деген номурду калтыруу боюнча өкмөт чечим чыгарды. Калган номурларды жок кылууга биз даярбыз",- деди Абдылдаев.
Жыйында депутаттар өкмөт менен Жогорку Кеңештин KG номурларына кошуп президенттик аппараттагы номурларды да жоготууну сунушташкан эле. Белгилүү болгондой, президенттик аппаратта KG сериясындагы 20 автоунаа номуру бар.