Эл аралык макулдашууларды ратификациялоо жол-жоболорундагы карама-каршылыктарды жоюу демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюуга багытталган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Баяндамачылардын айтымында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесинде камтылган жобо "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" мыйзамдын жоболоруна каршы келип калган. Мындай мүчүлүштүк эл аралык насыя каражаттарын алуу жүрүмүндө кыйынчылыктарды туудурат.

Ошондон улам ушул мыйзам долбоору аркылуу өкмөт тарабынан кол коюлган жана республикалык бюджеттин эсебинен жабылган чыгымдардын көбөйүшүнө же анын киреше бөлүгүнүн кыскарышына алып келген каржылык милдеттер каралган тышкы зайым жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" мыйзамга ылайык ратификациялоо сунушу киргизилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан