Кыргыз Республикасынын тышкы карызы 3 миллиард 606 миллион долларга жетти

2015-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы карызы 169 миллион долларга же 4,9 пайызга көбөйүп, 3 миллиард 606 миллион долларга жетти. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Каржы министрлиги карыздарды кайра түзүмдөштүрүү иштерин Германия жана Орусия менен жүргүзүүдө. Ал эми ички карыз 15 миллиард 483 миллион 700 миң сомго же 204 миллион долларга барабар. Ошондой эле насыя каражаттарынын 98 пайызы жеңилдетилген коюм менен берилгенин, бирок доллардын курсунун туруксуз болгону тышкы карыздарды тейлөөдө оорчулук жаратып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан