Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги "Ислам мамлекети" тобуна каршы кургактан чабуул жасоо үчүн аскерлерин Сирияга киргизүүгө даярдыгын жарыялады. Бул тууралуу 7-февралда БАЭнин тышкы иштер министри Анвар Гаргашга шилтеме берүү менен чет элдик маалымат булактары жазышты. "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшүү темпинин жайлыгына нааразыбыз",- дейт министр.
Буга чейин өзүнүн аскерлерин Сирияга жиберүү ниетин Сауд Арабия менен Бахрейн билдирген. Бул арада сириялык бийлик органдары расмий Дамасктын макулдугусуз жасалган өлкөнүн аймагындагы бардык операциялар агрессия катары бааланарын маалымдашкан. "Муну айтуу өкүнүчтүү, бирок алар (чет өлкөдөн киргизилген аскерлер) үйлөрүнө жыгач табыттарда кайтышат",- деди Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем.