Борбор калаабыз Бишкектин тургундарынын саны 2015-жылдагы Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 950 миң адамга барабар, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча 1 миллион 200 миңден ашат. Бишкекке күнүнө миңдеген адамдар келип-кетишет. Алардын арасында чет элдиктер да бар. Бүгүн биз Бишкек шаарын бүтүндөй кыдырбасак да, көзгө илинип, шаар үчүн өөн көрүнгөн жерлерди сүрөткө тарттык. Алгач эле шаарыбыздын жолдоруна көңүл бурулат. Унаа жүргөн жолдор буга чейин көп талкууланып, четинен оңдолуп жатканы кубандырат. Ошол эле маалда жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдор каралбай калганы бар.
Бишкектин көчөлөрүндө кадам сайын жайгашкан жарнамалык көрнөктөр адамдын көңүлүн бурдурбай койбойт. Албетте, жарнамалардын негизги максаты - көңүл бурдуруу, бирок алардын саны көп болгондуктан, шаар ар кандай түстөргө боёлуп, көздү чарчатат. Ал эми эски имараттар шаарга көрк кошпогону баарына маалым. Жол четиндеги иретсиз курулуштар, кафелер, унаа жуучу жайлар, майда дүкөндөр Бишкекти чоң базарга айлантып койгондой. Ар кайсы жерлерге токтотулган унаалар да баш аламан жаратып, жөө жүрүүчүлөргө тоскоол болот. Буларга кошулуп жолдогу соодагерлер да ыңгайсыздык жаратышат. Тургундар тарабынан катачылык кетип, таштандыны көрүнгөн жерге таштоо адаты калбагандай.
Айта берсе, борбор калааны шаар деп атоодон алыс кылган себептер өтө көп. Кандай болсо да, Бишкек -өлкөбүздүн борбору. Шаарды көрккө чыгаруу аракетин ар бир тургун өзүнөн баштаса, келечекте Бишкек дүйнөнүн болбосо да, Борбор Азиянын кооз шаарларынын бири болот деген ойдобуз.