Ырчы Муктар Гайымов Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө жубайын дарыгерлер карабай койгондуктан, ымыркайы эненин ичинде өлүп калганын бүгүн, 19-февралда SUPER.KG'ге билдирди. Анын айтымында, төрөт үйүнүн дарыгерлери жубайынын толгоосу келип турса да, 5 күн бою "өзү төрөйт" деп төрөтпөй жүрө беришкен.
"Жубайым 5 күн бою толгоо тартып кыйналды. Дарыгерлерге "операция жолу менен же укол сайып төрөткүлө" десек, "өзү төрөйт" деп карабай коюшкан. Ымыркай эненин ичинде тумчугуп калыптыр. Дарыгерлер ымыркай өлүп калгандан кийин, мурдагы күнү жубайыма укол сайып төрөтүп алышты. Учурда жубайымдын абалы оор",- деди Гайымов.
Ал төрөт үйүнүн дарыгерлеринин үстүнөн Жалал-Абад облустук жана шаардык прокуратурага арыз жазды.