Ош. Окутуучулар жана студенттердин катышуусунда Тарых жана маданият жылына карата тегерек стол өттү

18-февралда Ош шаарында 2016-жыл - Тарых жана маданият жылына жана Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган “Мамлекеттүүлүктүн татаал жолдору” аттуу тегерек стол өттү. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, ага шаардагы жогорку окуу жайлардан тарых илимдеринин кандидаттары, профессорлор, мектептердин тарых мугалимдери жана студенттер катышты.

Тегерек столдо кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндөгү кыйынчылыктарга жана ага салым кошкон кыргыздын чыгаан уул-кыздары жөнүндө видеотүрмөк көрсөтүлдү, докладдар окулду. Мектептин тарых мугалимдери да талкууга катышып, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azim.00kg
2016-02-19 12:45:01
уюшулду уюштурулду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан