20-февралга караган түнү үйүнүн жанынан токмоктолгон журналист Турат Акимов коопсуздугу сакталбаса, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз экенин 22-февралда маалымат жыйында айтты. Ага кол салган адам дагы кол салышы ыктымал экенин билдирди.
"Болжол менен мага кавказ улутундагы же кыргызга окшош адам кол салды. Эгерде эки-үч күн мурун мени өлтүрүү максатына жете алышкан эмес болсо, ал максатына эми жетишет. Мени өлтүрүүгө президент Алмазбек Атамбаев буйрук берген эмес, ага касташкандар да кылышкан жок. Ким бул максатты көздөгөнүн билип жатам",- деди Акимов.
Бул буйруктун артында ички иштер министри Мелис Турганбаев турарын ачыкка чыгарып, ага кайрылды: "Мелис Турганбаев, мени өлтүрүүнү 99 пайызга сиз буйрук кылгансыз. Сиз экөөбүз иш бөлмөңүздө жардамчыңыз Рустам менен бирге отуруп сүйлөшкөн бардык сөздөрдү жаздырып алгам. Мен бул сөздү чындап айтып жатам. Мен сизди туура жүрөт деп ойлогом. Сизге эл аралык деңгээлдеги маалымат сунушумду алып киргем, бирок сиз коркконуңуздан бул нерсени кылып жатасыз. Сиз мени өлтүрүүнү буйрук кылган эмес болсоңуз, анда мага кол салган адамдын жансыз денесин көрсөтсөңүз, ошондо мен сизге ишенем. Бул сөз, Рустам, сага да тийиштүү. Мени издебөөңөрдү суранам, ден соолугумду чыңдоого эки жума убакыт керек. Мен бул мамлекетте болгон революциянын жыйынтыгын чыгарыш керек деп ойлойм. Эгерде менин коопсуздугум сакталбаса, башка мамлекетке кетишим керек болот".