"Кумтөр Голд Компанинин" 2015-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары:
Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр
2015-жылы “Кумтөр” кен ишканасында 520 694 унция же 16 195,4 килограмм алтын өндүрүлгөн. Сатып өткөрүлгөн өндүрүмдүн көлөмү 520 517 унция же 16 189,9 килограмм алтынды түзгөн. Жылдын жыйынтыктары боюнча сатып өткөрүүдөн алынган жалпы каражат 604,5 миллион долларды түзгөн.
Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири
КРнын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча:
"Кумтөрдүн" 2015-жылдагы өлкө ИДПсындагы үлүшү 6,8 пайызды;
"Кумтөрдүн" өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 22,5 пайызды;
Экспорттун жалпы көлөмүндөгү алтындын үлүшү 2015-жылы 39,7 пайызды түздү.
Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар
2015-жылдын 12 айында компаниянын Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү которуулары 123 миллион доллардан ашкан. Бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдагы 31-декабрына карата курсу боюнча 9 миллиард 373 миллиондой сомду түзөт.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр
2015-жылы Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр (салыктар, аффинаж үчүн төлөм, товарлар жана кызматтар алынган үчүн жергиликтүү ишканаларга төлөмдөр, инфраструктура боюнча төлөмдөр, кайрымдуулук жана башка кошуп эсептелгенде) 256 миллион доллардан ашкан. Жалпысынан компания иштеген 1994-2015-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр 2 миллиард 964 миллион доллардан ашкан.
Комментарий
"Кумтөр Голд Компанинин" президенти Даниэль Дежарден компаниянын 2015-жылдагы ишмердүүлүк жыйынтыктарына: "Мен 2015-жылдын өндүрүштүк пландары ийгиликтүү аткарылганын билдирүүгө кубанычтамын. Алтын өндүрүүнүн басымдуу көлөмү төртүнчү чейрекке туура келген өткөн жылдарга салыштырмалуу, 2015-жылы алтын өндүрүү чейрек сайын текши болуп, пландык көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылды. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 2016-жылы “Кумтөр” кенинде өндүрүштүн көлөмү 480-530 миң унция же 14,9-16,5 тонна чамасындагы алтынды түзмөкчү",- деп комментарий берди.
2015-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти компаниянын корпоративдик сайтында: www.kumtor.kg