Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш сапар менен жөнөдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында өкмөт башчысы Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү эл менен жолугуп, өлкөдөгү орчундуу маселелер боюнча пикир алмашат. Ошондой эле премьер-министр райондордун активдери менен жыйын өткөрүп, учурдагы коомдук-саясий абал жана коопсуздук, чек ара маселелерин талкуулайт.