Учурда Түркиянын Стамбул шаарында күрөш түрлөрү боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу дүйнөлүк мелдеш өтүп жатат. Анда жалпысынан 12 жолдомо ойнотулууда. Жобо боюнча жолдомого финалга чыккан балбандар ээ болушат.
Бүгүн, 6-майда кыргыз балбаны, грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын мүчөсү Руслан Царев 66 килограмм салмакта килемге чыгып, 4 атаандашын катары менен утуп алды. Спортчу финалга чыгуу менен катар Олимпиада оюндарына жолдомо камсыздай алды.
Айта кетсек, мамлекетибизде ушуну менен 11 жолдомо болду. Буга чейин жеңил атлетчилер Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, мушкер Эркин Адылбек уулу жана оор атлетика боюнча улуттук курам Олимпиада оюндарына жолдомо алган.