Якутиялык балбан, кыргыз өлкөсүнүн атынан күрөшүп келген Айаал Лазарев "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышмай болду. Эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта күрөшкөн Айаалга жолдомо кокусунан тийди. Тактап айтканда, 11-майда Бириккен күрөш дүйнөсү уюму (UWW) жолдомо уткан 7 спортчунун жолдомосун жокко чыгарып, жолдомолорду башка спортчуларга берди. Бул жыйынтыктары жокко чыгарылган спортчулардын допинг колдонгону менен байланыштуу.
Аталган уюмдун расмий сайты кабарлагандай, 125 килограмм салмакта Ален Засеев (Украина) менен Юсуп Жалиловдун (Беларусь) жолдомолору Любен Илиев (Болгария) менен Даниэль Лигетиге (Венгрия) берилди. Болгария курамасы бул салмакта буга чейин жолдомо уткандыктан, Олимпиадага жолдомо Айаал Лазаревге (Кыргыз Республикасы) ыйгарылды.
Кошумчалай кетсек, 5-21-август аралыгында Бразилияда өтө турган Олимпиадага азырынча 13 спортчу бара турган болуп жатат. Жалпысынан кыргыз спортчулары Олимпиадага 13 жолдомо камсыздашты. Буга чейин жеңил атлетчилер Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, Виктория Полюдина, грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, мушкер Эркин Адылбек уулу жана оор атлетика боюнча улуттук курам Олимпиада оюндарына жолдомо алган.