“Кумтөр” Нарын суусуна көзөмөлдү күчөттү

Айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө программасынын алкагында Нарын дарыясына экологиялык мониторинг жүргүзүүнү жакшыртуу үчүн онлайн режиминде иштеген жаңы датчиктер орнотулду. Нарын суусун көзөмөлдөө 2014-жылдан бери Нарын мамлекеттик университетинин илимпоздор тобу менен биргеликте аткарылат. Жаңы датчиктер атайын тапшырык менен Канададан алынган жана суу сапатынын көрсөткүчтөрүн 15 мүнөт сайын ченейт. Бул суу сапатынын 24 саат ичиндеги абалын толук чагылдырып, өзгөрүүлөрдүн динамикасына көзөмөлдүн маалыматы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча отчётторго кирет. Нормативдик базаны сактоо боюнча бөлүмдүн экология боюнча башкы адиси Айбек Абдувалиев компания Нарын суусунан үлгү алуу милдетин экология бөлүмүнөн нарындыктардын жамаатына өткөрүп бергенин тактады.

"2012-жылы Нарын суусуна тийиштүү экологиялык мониторинг жок деп өкмөт "Кумтөргө" доомат коё баштаган. Биз НМУ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, НМУнун илимий кызматкери, доцент Эрмек Байбагышев жетектеген топ түзүлүп, жума сайын үлгү алып турууга келишим түзүлгөн", - деп маалымдады А.Абдувалиев.

Үлгү алуу "Кумтөр Голд Компани" ишканасында кабыл алынган процедуралар боюнча алынат. КГК жана Нарын мамлекеттик университетинин ортосундагы келишимдин шарттары боюнча бардык керектелүүчү жабдыктар менен камсыздоо каралган. Андан сырткары айрым бактериологиялык булганычтардын түрлөрүн аныктоого лабораториялык жабдуу тапшырылган. Э.Байбагышев датчиктер суунун электр өткөрүмдүүлүгүн жана деңгээлин 15 мүнөт сайын ченейт деп белгиледи. Үч аспап Нарын суусун бойлой шаардын ичинде, Чоң жана Кичи Нарын сууларынын жээктерине орнотулду.

"Үлгүлөр да шаардын башталышынан, ортосунан жана этегинен жума сайын алынат. Ал эми жаңы датчиктердин маалыматын айына бир жолу алып турабыз", - дейт А.Абдувалиев.

"Кумтөр Голд Компанинин" мониторинг программалары кыргыз жана эл аралык стандарттарга негизделген. Нарындан алынган үлгүлөр Кара-Балтадагы көз карандысыз "Stewart Assay and Environmental Laboratories LLC (SAEL)" компаниясынын лабораториясынан анализден өтөт.

"Кумтөр" үлгү алуу программасы менен процедураларын кайра караштырып, маселен, Нарын суусунун сапатын каттоочу жаңы датчиктерди орнотуу сыяктуу, талап кылынганда жакшыртып турат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан