"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын сегизинчи мелдеш күнүндө, тактап айтканда, 13-августта күндүн экинчи жарымынан 14-август эртең мененки аралыкка чейин 21 комплект медаль ойнотулду. Бул күнү кайыкты калак менен айдап жүргүзүү (гребля) спорту, жеңил атлетика, теннис, ок атуу, бокс, батутта секирүү, веложарыш, оор атлетика, сууда сүзүү боюнча мелдештерде медаль ээлери аныкталды.
Батутта секирүү спортунан беларустук Владислав Гончаров (сүрөттө) өлкөсүнө алгачкы алтын медалды утуп берди. Ал алтын үчүн кармашта эки кытайлык спортчуну артка калтырды. Беларусь өлкөсү учурда 4 медалы менен (1 алтын, 2 күмүш, 1 коло) 25-орунду ээлеп турат.
1. АКШ - 61 медаль (24 алтын, 18 күмүш, 19 коло)
2. Кытай – 41 медаль (13 алтын, 11 күмүш, 17 коло)
3. Улуу Британия – 30 медаль (10 алтын, 13 күмүш, 7 коло)
4. Германия – 16 медаль (8 алтын, 5 күмүш, 3 коло)
5. Япония – 24 медаль (7 алтын, 3 күмүш, 14 коло)
6. Орусия – 23 медаль (6 алтын, 9 күмүш, 8 коло)
7. Австралия – 22 медаль (6 алтын, 6 күмүш, 9 коло)
8. Италия - 18 медаль (6 алтын, 7 күмүш, 5 коло)
9. Түштүк Корея – 13 медаль (6 алтын, 3 күмүш, 4 коло)
10. Франция - 18 медаль (5 алтын, 8 күмүш, 5 коло)
16. Казакстан – 7 медаль (2 алтын, 2 күмүш, 3 коло)
26. Бразилия – 4 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 2 коло)
57. Өзбекстан - 3 медаль (3 коло)
61. Кыргыз Республикасы - 1 медаль (1 коло)