Депутат өспүрүмдөрдүн кылмышы боюнча алдын алуу иштери жүрбөй жатканына нааразы

Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков өспүрүмдөрдүн кылмыш жасашы боюнча алдын алуу иштери жүрбөй жатканына нааразычылыгын билдирди.

"Акыркы күндөрү өспүрүмдөрдүн катышуусундагы бир нече кылмыштар болду. Өспүрүмдүн каза болгону бир үй-бүлөнүн кайгысы эмес, жалпы улуттун трагедиясы. Тийиштүү мекемелердин жетекчилери парламентке келип, өспүрүмдөрдүн кылмышы боюнча алдын алуу программасын сунуштап беришсин. Алдын алуу иштери жүрбөй жатат. Жоопкерчилик болуш керек. Бул маселеге көңүл бурбасак, кылмыштар улана берет", - деди Субанбеков.

Айта кетсек, 20-январдан 21-январга караган түнү Ош облусунун Араван районунда 3 окуучу бычактан жаракат алып ооруканага түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан