Жогорку Кеңештин жыйынында Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси каралууда. Долбоорго ылайык, алтындан же күмүштөн жасалган куймаларды, инвестициялык жана нумизматикалык тыйындарды республикага алып келүүдө Улуттук банк кошумча нарк салыгын, бажы алымдарын жана бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотулмакчы.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2015-жылдын 7-майынан тарта өлкөдө жалпы салмагы 123 килограмм 756 грамм 2400 даана алтын куймалары 342 миллион 771 миң сомго сатылган. "Кыргыз жергесинде 100 граммдык алтын куймалары гана жасалат. Ал эми 1, 2, 5, 10 жана 31 граммдык алтын куймалары Казакстанда жасалат. Бул өлкөдөн алынып келинчү куймалардын ар бир граммына 401 сом кошулгандыктан, жарандарыбыз аларды сатып албай жатышат. Ошондуктан салыктан бошотуу зарылчылыгы жаралды", - дешти Улуттук банктан.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Экмат Байпакбаев мыйзам долбооруна каршылыгын билдирди. "Өлкөгө алынып келинчү алтын куймаларын салыктан бошотсок, чет өлкөлүк ишкерлерди колдогон болобуз. Өзүбүздүн зер буюмдары ишканаларын колдошубуз керек. Аларга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз зарыл. Ошондо экономикабызды коргогон болобуз", - деди Байпакбаев.