"Ата Мекен": "Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш иши козголду"

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата "Алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда SUPER.KG порталына партиянын катчылыгынан билдиришти. Маалым болгондой, учурда Өмүрбек Текебаев Европада, дүйшөмбү күнү ал бул маселе боюнча расмий билдирүү жасамакчы.

Айта кетсек, 2016-жылдын 14-ноябрында президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын аттары аталган. Ал эми "ата мекенчилер" бул документтердин жасалма экенин, бийлик оппоненттерин курулай каралоого өткөнүн айтып, Белизден келген айрым документтерди жарыялашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан