Сокулук РИИБинин кызматкерлери аэропортко Өмүрбек Текебаевди тосуп алуу үчүн барган адамдарды кармап, түшүнүк кат жазгандан кийин бошотушту. Жалпы 15 адам кармалган, алардын төртөөсү журналисттер. Милиция тарабынан кармалгандардын арасында эл өкүлү Каныбек Иманалиев дагы бар. Милиция кызматкерлери 15 адамды жолду бөгөп тургандыгы үчүн кармап кетишкенин айтышкан.
Өмүрбек Текебаев бүгүн, 26-февралда Стамбулдан учуп келери менен УКМК тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынды. Ага Башкы прокуратура "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон эле.