"Ата Мекен" партиясынын катчылыгы: "Текебаевди камакка алууда УКМК тарабынан мыйзам бузуулар болгон"

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

"Ата Мекен" партиясынын катчылыгы фракция лидери Өмүрбек Текебаевди камакка алууда УКМК тарабынан мыйзам бузуулар болгонун билдирди.

"Өмүрбек Текебаев Кыргыз жараны катары кармалган учурдан тартып адвокат менен иш алып бара алат. Бирок жактоочу Өмүрбек Текебаевге киргизилген эмес. Аны менен жолугушканга чейин ал УКМКнын жанында 2 саат турган. Колго түшүрүү боюнча протоколду айтуу айыпталуучу менен адвокаттын катышуусунда өтүп, эки тарап кол коюшу керек. Мындан улам колго түшүрүүнү мыйзамсыз деп атаса болот. Ушул факт сотто эске алынышы керек. 48 сааттын ичинде сот кармалган жаранга карата чечим чыгарат. Камакка алууга негиз жок экенин белгилейбиз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан