Жанар Акаев: "Чет элдик жарандардын сырттан туруп берген көрсөтмөсү менен белгилүү саясий ишмерди түнкүсүн камакка алуу одоно катачылык"

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Чет элдик жарандардын сырттан туруп берген көрсөтмөсү менен белгилүү саясий ишмерди түнкүсүн камакка алуу одоно катачылык" деп фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эл өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда депутаттар кезексиз жыйын өткөрүү тууралуу сүйлөшүп жатышат. " Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, эч жакка качпаган жана качууга ниети жок “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди эмне үчүн күч менен кармап кеткенин расмий органдардан сурашыбыз керек. Албетте, Өмүрбек Текебаев күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот далилдейт, тергөө иштери мыйзамга ылайык болушу шарт. Бирок чет элдик жарандардын сырттан туруп берген көрсөтмөсү менен белгилүү саясий ишмерди, оппозициялык фракциянын лидерин түнкүсүн камакка алуу одоно катачылык. Ошого карабастан азыр бардык саясий күчтөр өлкөдөгү кырдаалды курчутууга кызыкдар болбошу керек. УКМК, ИИМ эркин жыйынга чогулгандарга күч колдонуу, аларды камоо аркылуу кырдаалды жөнгө салабыз десе терең жаңылышат", - деп жазат Жанар Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан