УКМКнын алдындагы митингге катышуу үчүн Талас облусунан 100гө жакын адам келди. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын Талас облусундагы куратору Азис Курамаев билдирди.
"Өмүрбек Текебаевдин кармалганын угарыбыз менен жолго чыкканбыз. Талас облусунан жалпы 100гө жакын адам келди. Биз негизги талабыбыз эл өкүлүн бошотуу", - дейт Курамаев.
Ал эми "Ата Мекен" партиясынын Нарын облусундагы куратору Эрлан Аскаров Өмүрбек Текебаевди колдоо үчүн Бишкекке баруу же Нарын шаарында митинг өткөрүү маселеси каралып жатканын билдирди.