Каныбек Иманалиев: "Өмүрбек Текебаевдин колдоочуларынын митинги эртең УКМКнын алдында уланат"

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

23:26 Каныбек Иманалиев УКМКда чогулгандарга: "Эртең саат 14:00дө УКМКнын алдында митингди улантабыз. Чыдаганыңар үчүн рахмат. Эртең Путин Бишкекке келет. Жолду торобойлу. Азыр үйлөрүңөргө тарай берсеңер болот", - деди. УКМКнын алдындагы митингчилер тарап кетишти.

22:58 Аида Салянова "Мыйзам чегиндеги кадамдарды жасайбыз" деди.

22:48 Каныбек Иманалиев: "Өмүрбек Текебаевдин эки айга камакка алып, УКМКга алып кетип жатыптыр. Эртең саат 14:00дө митинг уланат".

22:41 Каныбек Иманалиев: "Баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда өтүшү керек эле, Бирок мурунку аскердик сотко алып келишти. Ал сот жоюлган бул жерде эч ким жок".

22:33 УКМКнын алдындагы жаштар тарашууда, азыркы тапта 60тай адам калды.

22:24 Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын лидери Ө.Текебаевдин иши боюнча: "Кудайдан жөө качкан Маевскийдин билдирүүсүнөн кийин болуп жатат. Башка далилдер барбы жокпу биз билбейбиз", - деди. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйын өткөрбөгөнүнө токтолуп: "Бакыт Төрөбаев колдоду, калганы колдогон жок. Себеби алар да коркуп жатышат кылмыш ишин козгойбу деп. Болбосо чукул жыйынга чакырышат эле", - деди.

22:22 Өмүрбек Текебаевдин мурунку аскердик сотко алып келингени жана эки айга камакка алынганы айтылууда. Маалымат расмий тактала элек.

22:04 УКМКнын алдында Өмүрбек Текебаевдин колдоочуларынын митинги уланууда

21:38 Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу мурунку аскердик сотко кирип кетти. Аида Салянова, Турсунбек Акун жана Каныбек Иманалиев башында турган митингчилер мурунку аскердик соттун имаратынын алдында күтүп жатышат. мурунку аскердик соттун имараты Ахунбаев жана Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

21:37 Биринчи Май райондук сотунун алдындагы митингчилер УКМКга жөө келишүүдө. Алар Абдрахманов көчөсү менен түндүктү карай жөө басышты. Андан соң Чүй кең көчөсү менен Эркиндик бульварына келишти. Жолдо митингчилерди көргөндөр бири сүрөткө тартып, айрымдары таң калып жатышты.

21:35 УКМКнын алдында митинг уланууда, учурда эки автобус милиция кызматкери келди.

21:30 "Биз бийликке өчөшпөшүбүз керек. Путин кыргыз элине эч жамандык кылган жок. Бүгүн Базар-Коргондо элди эч ким үгүттөгөн эмес. Эртең саат 2де УКМКнын алдында (Жибек жолу кең көчөсү менен Эркиндик Бульварынын кесилиши) тынч митингди уланта беребиз. Текебаев курч мүнөзүнөн кайткан жок", - деди Каныбек Иманалиев.

21:25 Текебаевди мурунку аскердик сотко алып келишти деген маалыматтан кийин Каныбек Иманалиев менен Турсунбек Акун ушул жакка келишкен. "Текебаевди эки айга камоо чечими чыгып калса элдин жообу ошого жараша болот. Саясий куугунтук экени көрүнүп калды. Акыркы кадамдар элди кыжырданткан кадамга түртүп жатат", - деди.

21:06 Биринчи Май райондук сотунун алдындагы митинг: Аида Салянова "Текебаевдин жактоочусу Шыкмаматовдун да жактоочусу. Аны УКМКнын ичинде 2 саат негизсиз кармашыптыр. Ошол учурдан пайдаланып башка жактоочуну катыштырып көчмө сот кылып коюшу толук мүмкүн. Маалыматтар келип жатат, көчмө сот кылышкан окшойт. Азыр УКМКга кеттик. Эгер саат 4кө чейин сотко алып келбесе, анда Текебаевди 2 айга камалды деп түшүнгүлө", - деди.

21:05 Каныбек иманалиев: "Текебаевди мурунку аскердик сотко алып кетти" деп Турсунбек Акун ошол жакка кетти", - ушундайбы.

20:59 Биринчи Май райондук сотунун алдындагы митинг: Алмамбет Шыкмаматов: "Текебаев УКМКда, анткени тергөөчүлөр жактоочуга чалыша элек. Анткени сотко жактоочу менен бирге алып келиш керек".

20:56 УКМКнын алдындагы митинг: Каныбек Иманалиев сотко кетти. Азыр УКМКнын алдындагы эл менен Турсунбек Акун турат.

20:50 Биринчи Май райондук сотунун алдына чогулган эл Ө.Текебаевдин баш коргоо чарасы боюнча соттун чечимин күтүп жатышат.

20:28 УКМКнын алдындагы митинг: Каныбек Иманалиев: "Үшүп кеткендер үйгө кете берсе болот. КТРК бир тараптуу маалымат берсе жөө жүрүш менен баралы. Текебаевдин каршылаштарына кайрылат элем. Башка иш түшкөндө табалабаш керек. Кийин Текебаев президент болсо, ошол жамандагандар биринчи барат". Митингчилер "кетпейбиз" дешти.

20:24 Турсунбек Акун: "Текебаевди бошотпосо бийликтин өзүнө жаман, Текебаев чыдайт. Атамбаевге бир-эки күндөн кийин тескери бата берип коём. Мен жаман көргөн адам оңбойт", - дейт.

20:16 Кайыргүл Урумканова: "Жактоочу Өмүрбек Текебаев менен саат 15:00дө жолуккан. Ошондон бери анда маалыматы жок экен. Учурда Текебавдин каякта экенин билүү үчүн жактоочу УКМКга кетти".

20:14 Каныбек Иманалиев "Митинг созулуп кетсе, төкмө акындарды алып келиш керек. Эртең аянтка келбей УКМКнын алдына чогулалы. Путин келип жатса бүт Кыргыз мамлекетин уят кылбайлы" деп митингчилер менен сүйлөшүп жатат.

19:59 Биринчи Май райондук сотунун имараты: Эркингүл Иманкожоева "Боинг учагындагы жүк кимдики экени азыркыга чейин неге айтылбайт?" деп билдирди.

19:49 УКМК алдындагы жарыктар өчүрүлүп, кайра күйгүзүлдү. Митингчилер "Текебаевге боштондук! Атамбаев кетсин! Сегизбаев кетсин! Милиция эл менен!" деп кыйкырып жатышат.

19:43 Биринчи Май райондук сотунун алдында митинчилер Ө.Текебаевдин баш коргоо чарасы боюнча соттун чечимин күтүп жатышат. Асия Сасыкбаева: "Соттун чечимин күтөбүз, ошого жараша кийинки кадамдарыбызды аныктайбыз".

19:43 УКМКнын алдына митингчилер менен кошо келген Аида Салянова сот чечим чыгармайынча эч жакка кетишперин айтты.

19:27 Митинчилердин экинчи жарымы Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдына келишти.

19:24 Митингчилер келген жерге милиция кызматкерлери дагы келишти.

19:21 Аида Салянова, Каныбек Иманалиев баштаган митингчилердин тобу УКМКга келишти. Митингчилер "Текебаевге боштондук" деп кыйкырып жатышат.

19:03 Каныбек Иманалиев: "Экиге бөлүнөлү, жарымыбыз УКМКга баралы. 200дөй киши Биринчи Май райондук сотуна барсын. Анткени сот бүгүн чечим чыгарышы керек. Биз Биринчи Май райондук сотуна барсак алар көчмө отурум деп УКМКга кетип калышы мүмкүн" деди. Митингчилер экиге бөлүнүп УКМКга жана Биринчи Май райондук сотуна жөнөп кетишти.

19:01 Митингчилер "Текебаевге боштондук" деп кыйкырып жатышат.

18:39 "Ала-Тоо" аянтында Ө.Текебаевди колдогон митингчилерге ысык чай, палоо таратылып жатат.

18:27 "Бул бийлик каалагандай калчап, билгенин кылат. Митинг улана бериши керек. Акыйкат үчүн чыгып айтыш керек. Бүгүнкү кылгандарыбыз урпактарга сабак болушу керек. Акыйкат үчүн эч ким чыкпаса Кыргыз мамлекети опурталдуу тагдырга туш болот. Башка партияларга караганда менимче, биздин партия таза адамдардан куралган. Ошон үчүн бийликке сын айтып келген", - деди Садык Шер-Нияз.

18:11 Митингчилер "Ала-Тоо" аянтына келишти, Текебаевдин баш коргоо чарасы боюнча соттун чечимин күтүшүүдө.

17:48 Митингге чыккандар Апрель окуясында курман болгондор үчүн куран окушту.

17:43 Текебаевди колдогон митингчилер кайра "Ала-Тоо" аянтын көздөй басып баратышат.

17:09 Митингге чыккандар Жогорку Кеңештин имаратынын алдына келишти. Алар мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди элге чыгышын талап кылып жатышат.

17:04 Митингчилер Жогорку Кеңештин имаратын карай басып бара жатышат. "Боштондук" деп кыйкырышууда.

17:01 "Бүгүн Текебаевдин баш коргоо чарасы каралат. Бул боюнча соттун чечимин күтүп жатабыз. Азыр биз Ак үй тарапка баралы, талаптарыбызды айталы. Жогорку Кеңешке баралы, тосмодон секирбегиле, спортчулар", - деди Сасыкбаева.

16:29 Каныбек Иманалиев Роза Отунбаевага кайрылып, анын сөзү учурдагы мамлекет башчынын сөзүнөн жогору турарын айтты. "Аэропортто Кыргыздын мамлекеттик ишмерин бандит кармагандай кармап кетти. Базар-Коргондо Текебаевдин тарапташтары жолду ээлеп жатат. Жапайы жолдорго барбайлы", - деди Иманалиев.

16:21 Митингге Роза Отунбаева келди. "Текебаевди өлкөдөгү эң көрүнүктүү саясатчы катары билебиз. Акаевдин, Бакиевдин заманында да ушуну баштан өткөргөнбүз. Ысык-Көлдө КСДПнын штабынын эшигин балта менен ачып киришкен эле. Бийлик аны кайталабайт го деп ишендим эле. Сот калыс чечим чыгарыш керек. Саясий абалды көзөмөлдөп алалы. Акыйкаттуу болсун. Куугунтук болбосун. Өмүрбек Текебаев Кыргыз мамлекетине жасаган иштери үчүн элдин сыймыгы болуп жүрө берсин".

16:06 Бүгүн "Ала-Тоо" аянтындагы митингге Аликбек Жекшенкулов дагы келди. Ал өз сөзүндө Өмүрбек Текебаевдин боштондугу үчүн күрөшөрүн билдирди. "Кыргыз жериндеги укуктун өңү Текебаевдин өңүндөй. Легендарлуу парламентте эң жаш депутат болуп экөөбүз отурганбыз. Мен Ошто, ал Базар-Коргондо мугалим болуп иштечү. Ошондон бери эч кимден коркпой, чындыкты айтып чыркырап келе жатат. Адилеттүүлүк үчүн көп маселе көтөрүп чыккан. Саясий талаада өзүнүн туруктуу позициясын көрсөтүп эл үчүн, жер үчүн күйүп, максаттарын так коюп келе жатат. Тилекке каршы, Текебаевдин кечээ чогуу жүргөн достору бүгүн душман болуп чыга келишти. Мисалы, Атамбаевдин 5 миллион долларлык там салганын Текебаев айтып чыкты".

15:41 Аида Салянова: "Биз Текебаев менен биргеликте Дачи СУ (Курулуш башкармалыгы айылындагы авиакырсык ) боюнча иштерди баштадык, анткени ал жерде мыйзамсыз аракеттерди байкадык. Эмне үчүн баштаган ишти аягына жеткирбеш керек. Чындыкты сыртка чыгарбаш керек деп УКМК Текебаевди кармап отурат. Чындык сыртка чыгып кетпесин деп куугунтук болуп жатат. Шыкмаматовду суракка чакырышты бүгүн, мына мен боюнча айтсам, буларга бир кылмыш иши жетпейт экен. Акыйкаттык үчүн аягына чейин турам".

15:32 Айгүл Текебаева "2 саат мурун дарыгерлер күйөөмө барып, абалы менен таанышып келишти. Учурда ден соолугу туруктуу болуп калды", - деди.

15:00 Митингчилер: "Токтайым бул жерге кызыкчылыгы үчүн келди. Ал Текебаевди жамандап жүргөн. Мен билгенден 10 жылдан бери каршы туруп, жаман сөздөрдү айтып келет. Анын максаты бул жерде чагымчылдык жаратуу. Биз "Ата Мекен" үчүн келген адамдарбыз".

14:52 Токтайым Үмөталиева сөз сүйлөө үчүн трибунага чыгарда митингчилер аны чыгарбай коюшту. Алар Үмөталиеваны "саткын укук коргоочу" деп жолотпой кууп жиберишти.

14:42 Айгүл Текебаева дарыгерлер Өмүрбек Текебаевден анализ алышканын билдирди. "Азыр абалы туруктуу, бирок кичине чарчаптыр. Өзүн жакшы сезип жатат. Тамак беришти деп айтты. Кармалгандан соң бир сааттан кийин мен кирип чыккам. Баш коргоо чарасы бүгүн каралат, бирок каякта болору тууралуу маалымат жок", - деди Текебаева.

14:31 Ай-Данэк Текебаева: "Атам эл үчүн деп өмүр бою иштеп келет. Биз аны айлап, жылдап көрбөгөн учурлар болгон. Бир жолу атам бизди балык уулоого алып барам деген. Бул убадасын аткара элек, анткени атам коомдук иштерин үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарынан жогору коюп келди".

14:26 Алмамбет Шыкмаматов өзүнө козголгон кылмыш иши, өткөрүлгөн тендер, тендер мүчөлөрү тууралуу айтып жатат. "Аман болсом укугумду коргойм. Сөз эркиндикти жарандар биригип колдойт. Парламент унчукпаса элге чындыкты ким айтат? Өнүккөн мамлекеттерде, демократия бар мамлекетте парламент ачык айткандарды колдойт. Бизде сын айткандар жаман, мактагандар жагат. Мен саат 3тө барам (УКМКга). Балким, камаар. Өмүрбек Текебаев боюнча айтсам, ал 1 миллион доллар эмес бир доллар дагы албайт. Ал өлтүрөм деп коркута турган киши эмес. Биз коркпойбуз. Баарыбызды камата албайт. Берене дагы жетпейт", - деди Шыкмаматов.

13:55 "Ала-Тоо" аянтында Ө.Текебаевдин колдоочуларынын митинги уланууда. Анын жүрүшүндө Асия Сасыкбаева "Ат-Башы, Ысык-Көлдөн митингге келе жаткан адамдарга тоскоолдуктар болуп жатат. Абдил Сегизбаев Текебаевге жакшы шарт түзүп бердик дептир. Кайдагы жакшы шарт? 17 саат тамак бербесе. 5-6 саат учуп келген".

13:50 Аянтка чогулган митингчилердин болжолдуу саны 400 болду.

13:49 Аймактардан келген Текебаевдин колдоочуларын Жогорку Кеңеш тарапка өткөрбөй жатышканы айтылды.

13:48 Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын жанында милициянын 3 автобусу, аскер техникасынан 4 оор техника турат.

13:35 Митингге чогулгандардын саны 200дөй болуп калды. А.Сасыкбаева катышуучулардын саны миңден ашарын айтты.

13:17 Асия Сасыкбаева: "Аймактардан адамдар келишүүдө. Талабыбыз - Текебаевди бошотуу".

Жогорку Кеңештин алдында Өмүрбек Текебаевдин колдоочуларынын митинги башталды. Учурда "Ала-Тоо" аянтында 100гө жакын адам турат. Алар Өмүрбек Текебаевди үй камагына чыгаруу талабына коюшары маалымдалган.

Кечээ УКМКнын алдында Текебаевдин тарапташтары митингге чыгышкан. Митингдин соңунда Бириккен күчтөрдүн штабын түзүү чечими кабыл алынган.

Өмүрбек Текебаевдин колдоочулары "Ала-Тоо" аянтына митингге чыгышты

Саясатчы Аликбек Жекшенкулов Өмүрбек Текебаевдин боштондугу үчүн күрөшөрүн айтты

Митингчилерге ысык чай менен палоо таратылды

Биринчи Май райондук сотунун алдындагы митингчилер жөө жүрүш жасап УКМКга келишти


кошулду
Ак үйдүн алдында Текебаевдин колдоочулары митингге чогулуп башташты
"Ала-Тоо" аянтындагы митинг бийиктиктен-1
"Атам жумушун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарынан жогору коюп иштейт"
Митингчилер Токтайым Умөталиеваны аянтка киргизбей коюшту
Текебаевди колдоп чыккандардын саны өсүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан