Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотуна аппелляциялык арыз менен кайрылды

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Бүгүн, 28-февралда Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова Биринчи Май райондук сотунун чечими боюнча Бишкек шаардык сотуна аппелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын өкүлү Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Жактоочунун айтымында, 26-февраль күнү УКМКда Өмүрбек Текебаев менен Леонид Маевский беттештирилген. Беттештирүү учурунда Леонид Маевский Текебаевге Чотонов аркылуу 1 миллион доллар бергенин айткан. Бирок Текебаев ал маалыматты жокко чыгарган. Ошондой эле Маевский мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов менен да беттештирилген. Чотонов эч кандай акча албаганын, Маевскийди жакшы тааныбай турганын билдирген.

Айта кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген. Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери депутатты кармап кетишкен. Кечээ, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Текебаевдин баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан