Чет өлкөлүк жаран Кыргыз мамлекетинин аймагына 10 миң АКШ долларга чейин көлөмдөгү акча каражатты декларациясыз өткөрө алат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, эгер чет өлкөлүк жаран Кыргыз жергесине 10 миң АКШ доллардан жогору акча каражатты өткөргүсү келсе, ал бул акчаны кандай жол менен тапканын өз өлкөсүндөгү тиешелүү мекемелерине барып, декларацияда белгилеши зарыл.
Эскерте кетсек, 25-февралда интернетке орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү тараган. Анда ал 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин айтат. "2010-жылдын июнь айынын алгачкы күндөрүндө Текебаев Москвага келип, 1 миллион доллар берүүгө макул болдум. Июнь айынын акырында Бишкекке келип 300 миң доллар, кийин 700 миң доллар бердим", - дейт Маевский.