SUPER.KG порталында быйылкы жылдын күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун кийинки айлампасы старт алды.
Порталдын окурмандары өткөн эки жума аралыгында президенттик жарышка талапкер катары чыгуусу күтүлүп саясатчылардын ичинен Кубанычбек Кулматовго ишеним артышкан жок. 13-февралда айрым маалымат булактары президенттикке КСДПнын атынан Бишкектин экс-мэри К.Кулматов көрсөтүлөрүн жазып чыккан. Ошол эле күнү КСДП фракциясы талапкер боюнча чечим чыга электигин билдирген. Бул себептен улам Кулматов сурамжылоонун кийинки айлампасына кошулган жок.
Учурда УКМКнын тергөө абагында жаткан Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер катары көрсөтүү чечимин “Ата Мекен” партиясы 5-март күнү кабыл алды. Коомчулук КСДПдан талапкер катары ким чыгарын кызыгуу менен күтүүдө.
Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыӊыз.
Эскертүү! Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 20-мартта, саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.