Базар-Коргондо митингчилердин саны миңден ашты. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын Базар-Коргон районундагы координатору Кубатбек Артыков билдирди.
"Бүгүн эртең менен чогулган митингчилердин саны миңден ашты. Учурда Өмүрбек Текебаевдин кармалышына нааразычылык билдирип, митингге келгендердин саны көбөйүп жатат. Ошол эле учурда Ош-Бишкек жолунда 500дөй милиция кызматкерлери тартипти сактап турушат. Эл эки ирет жөө жүрүш уюштурушту. Азыр Аксыдан келе жаткан митингчилерди эл күтүп турат", - деп билдирди Артыков.
Эске салсак, буга чейин митингчилер Ө.Текебаевди бошотуу талабын коюп, жол тосуу аракетин көрүшкөн.