Ош шаарында мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарын милиция кармап кетти. Бул тууралуу 25-мартта SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. Кармалгандар өздөрүн Жапаровдун тарапташы катары тааныштырып, шаар тургундарын митингге үндөп жүрүшкөн.
"Алар шаардагы сейил бакта үн күчөткүч менен жарандарды митингге үндөп жүрүшкөн. 6 жаран кармалды, үч эркек, үч аял. Аларга жакын арада сот чечими чыгышы күтүлөт", - деди Сыдыков. Тийиштүү материалдар Ош шаардык сотуна жиберилди.
Жапаровдун тарапташтары Бишкекте митинг өткөрүшүүдө.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров бүгүн Казакстандан Кыргыз мамлекетине кирген. Аны чек арадан күч органдары кармап кетишти. "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып жаткан Жапаров азыркы учурда УКМКнын имаратында сурак берүүдө. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирди. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат таратты.