Садыр Жапаровдун иниси: "Кийинки кадамыбыз кандай болорун айта албайбыз"

УКМКнын алдындагы митингдеги жаңжалга Садыр Жапаровдун тарапташтарынын күнөөсү жок. Бул тууралуу 25-мартта SUPER.KG порталына Садыр Жапаровдун иниси Дөөлөтбек Жапаров билдирди.

"Видеолорго тартылып калды да, эртең эле билинет. Чагымчылдар ызы-чуу кылып жиберишти. Балдарды Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына алып келишкен. Биз азыр сыртта күтүп турабыз. Кийинки кадамдарыбыз кандай болору тууралуу азырынча бир нерсе дей албайбыз. Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы кандай болот, күтөлү. Азырынча сурактан чыга элек. Адвокаттары кирип кетишкен, сурак уланууда", - деди Дөөлөтбек Жапаров.

Бишкекте бүгүн мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышып, Жапаровду бошотууну талап кылышты. Милиция тарапка таш ыргытылып, чуу чыккандан кийин чогулгандар күч менен таратылды. Бир тобун милициялар кармап кеткен.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров бүгүн Казакстандан Кыргыз мамлекетине кирген. Аны чек арадан күч органдары кармап кетишти. "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып жаткан Жапаров азыркы учурда УКМКнын имаратында сурак берүүдө. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирди. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат таратты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан