УКМКнын алдындагы митингде кармалгандардын 12сине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда 25-мартта УКМКнын алдындагы митингде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Митинг учурунда 5 милиция кызматкери жабыркаган.
Ички иштер министрлиги тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кылмыш иши козголгон 12 адамдын аты-жөнүн айткан жок.
Айрым маалыматтарга караганда кылмыш иши козголгондордун арасында Садыр Жапаровдун иниси, агасы жана баласы да бар.