Базар-Коргон районунда депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары кайрадан митингге чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын Жалал-Абад облусундагы координатору Алмаз Мустапакулов билдирди.
"Базар-Коргон районунда кайрадан Текебаевди колдогон мөөнөтсүз митинг улантылды. Митингчилер Ош-Бишкек унаа жолунун боюна чогулушкан. Жалпысынан 50гө чукул адам депутатты бошотуу талабын коюп жатышат", - деп билдирди Мустапакулов.
Алмаз Мустапакуловдун маалыматына ылайык, 29-мартта Ноокен районунда Ө.Текебаевди колдогон тарапташтары да митингге чыгуу планын көрүүдө.