Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган 12 адам боюнча чечим өзгөрүүсүз калды. Бишкек шаардык соту аларды 2 айга камакка алуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Камакка алынгандардын арасында Садыр Жапаровдун иниси, агасы жана баласы да бар.
Эскерте кетсек, 25-мартта УКМКнын алдындагы митингде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилип, жаза мөөнөтүн өтөгөн соң бошотулган. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген.
Мындан тышкары кармалгандардын 12сине кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде экени айтылган. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Митинг учурунда 5 милиция кызматкери жабыркаган.