Учурда Айчүрөк Иманалиеванын ырчы Анжелика тууралуу айтканы коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Буга Анжелика да жооп кылып, аны менен баарын мыйзам чегинде сүйлөшөрүн, айткан сөздөрүн Иманалиева далилдеши керек экенин, көптөгөн суроолорго ырчы SUPER.KG'нин түз эфиринде жооп узатарын билдирди.
"Мен чоң сахнаны Айчүрөк Асылбековна аркылуу тааныгам. Ыраазычылыгымды билдирем ар дайым. Бирок эл алдында сиз мени аша чаап каралап баштадыңыз. Менин абийиримди төктүм десеңиз, анда жаңылышасыз. Мен дагы көргөн, билген нерсемди төкпөй-чачпай айтып берем.
Ошондой эле 24-майда SUPER.KG'нин түз эфиринде калган суроолорго жооп берилип, кенен маалымат берилет", - деп билдирди ырчы.
Белгилей кетсек, түз эфир эртең мененки саат 10:00дө башталат. Суроолорду WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибере аласыз. Ошондой эле "Соңку кабар" аркылуу да ушул эле теманын ылдыйына комментарий калтырып, сизди кызыктырган суроолоруңузга жооп алсаңыздар болот.