15:05. Бүгүн, 31-майда SUPER.KG порталынын түз эфириндеги кезектеги коногу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиева менен болгон маек башталды. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ырчыга кызыккан суроолоруңузду берип жооп алыңыз.
Суроолорду WhatsApp аркылуу +996 557 75 63 63 номерине жиберип, "Соңку кабар" аркылуу да ушул эле кабарга комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.
Ырчы учурда чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу айтып берүүдө.
15:20. Айчүрөк Иманалиева Анжелика экөөнүн ортосундагы мамилеси, таарынычы тууралуу кенен баяндап жатат.
15:35. Мындан 10 жыл мурун үй-бүлөсүнө болгон кол салуу жөнүндө ырчы: "Бизге профессионал адамдар кол салган. Бийлик тараптан колдоо болгон", - дейт.
15:45. Айчүрөк Иманалиеванын аткаруусундагы "Бейиштин төрү" чыгармасы жаӊырды. Учурда Курал Чокоев менен аткарган "Айла жок" ыры жаӊырууда.
15:50. Ырчы күйөрмандардан келген суроолорго жооп берүүдө.
16.05. Анжелика менен болгон чырга токтолгон Айчүрөк Иманалиева мындай дейт:
"Анжеликанын апасы "кызымды колдонгусу, пайдалангысы келген" дептир. Тескерисинче, менин акчамды, даражамды, популярдуулугумду Анжелика апасы экөө колдонду".
16:40. "Көзү ачыктарга барган адам эмесмин. Катуу ооруп калган учурда Сапар келип, "жүрүӊүз эже, жакшы эже бар, көрүнүп келиӊиз" деди. Ошентип ал жакка барып калдым. Негизи мен андайларга барган аял эмесмин", - дейт Айчүрөк Иманалиева.
Клара Алибекова жөнүндө берилген суроого жооп:
16:55. "Клара Алибекова менен 1996-1997-жылдары иштешип калдым. Ал кезде мен популярдуулуктун туу чокусуна жетип турган кезим эле. Андыктан Клараны пайдаланып, үч бөлмөлүү батир алды деген калп", - дейт ырчы.
17:09. Ырчынын SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги соӊуна чыкты.