SUPER.KG порталында быйылкы жылдын 15-октябрында өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун жаӊы айлампасы старт алды.
Өткөн аптада SUPER.KG порталынын түз эфиринде болгон "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров эки жумалык сурамжылоо жыйынтыгында алдыга чыкты. Өлкөнүн түштүк аймагын кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп жүргөн Өмүрбек Бабанов экинчиге чыкса, үчүнчүдө камактагы Садыр Жапаров баратат. КСДПнын атынан талапкер болору жарыяланган Сооронбай Жээнбеков төртүнчү орунду багынтты. Бешинчиде Темир Сариев. Алдынкы бештиктин курамында ушулар.
Камакта отурган башкы оппозиционер Өмүрбек Текебаев жана "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев жалпы тизмени жыйынтыкташты. Акыркы 2 апта аралыгында президенттик жарышка катышарын же талапкер чыгара турганын расмий жарыялаган саясатчы же саясий партия болгон жок. Мурдагы спикер Ахматбек Келдибеков Алайда эл менен жолугушууда президенттик жарышка катышарын айтканы жөнүндө маалымат тараган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Келдибеков өзү бул маалыматты тастыктай элек. Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 4 ай калганда башталат. Жогорку Кеӊеш 31-майда кабыл алып, 5-июнда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон мыйзамга ылайык, келерки президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалды. Демек, 15-июндан, ушул аптанын бейшемби күнүнөн тарта талапкерлерди каттоо башталат.
Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыӊыз.
Эскертүү! Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 26-июнда, саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.