Бүгүн, 30-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы депутат Садыр Жапаровдун соту өтүүдө. Соттук отурумдун жүрүшүндө жактоочусу Шарабидин Токтосунов Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга Садыр Жапаровдун тиешеси жок экенин айтты.
"Жапаровдун чек арадан кармалышы мыйзамсыз. Бул жерде мыйзам одоно бузулган. Мыйзамда айыпкер соттон же тергөөдөн качса гана кармалып, камалат. Буга чейинки соттук отурумда жабырлануучу делген Эмилбек Каптагаевдин сөзүн укпай койдуңуз. Демек, сиз мыйзамды одоно буздуңуз. Ал үй-бүлөлүү, балдары жаш, анын соттон качам деген ою жок. Мындан улам үй камагына чыгарууга уруксат берүүңүздү сурайм", - деди Токтосунов.
Ал эми судья буга жооп кылып, отурумду создуктуруу максаты болуп жатканын айтып, келтирилген өтүнүчтү канааттандырган жок. Токтосунов болсо "Жапаровдун абакта көпкө отурайын деген ою жок. Ошондуктан биз соттук отурумду узартууга кызыкдар эмеспиз" деди.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.