Садыр Жапаровдун сотунда фото жана видеого тартууга жарым-жартылай тыюу салынды

Бүгүн, 5-июнда абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун иши Жогорку Сотто каралууда.

Анда сот соттук отурумду видео жана сүрөткө тартууга тыюу салуу маселесин көтөрдү. Жапаровдун жактоочусу бул саясий иш экенин айтып, коомчулук үчүн аны түз эфирден телеканалдар аркылуу көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү керектигин айтты. Жабырлануучу Эмилбек Каптагаев да соттук отурумдун ачык өтүүсүн колдоду. Бирок сот иштин башын гана тартууга уруксат берип, ал эми көрсөтмөлөр берилгенде сүрөткө же видеого тарткан журналисттер сыртка чыгып кетиши керек деген чечимин кабыл алды.

Ошондой эле адвокат отурумду Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөрүүсүн өтүндү. Соттук коллегия ордунда кеңешип, жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок. Бирок жактоочу отурумда Садыр Жапаров өзү катышпаса да, анын сөзүн жазуу түрүндө ишке тиркөөнү өтүндү. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды.

Мындан тышкары сот буга чейин райондук жана шаардык сотто күбө катары келген жарандарды, кайрадан келип күбө болуусуна макул болбой, буга чейинки отурумдардагы көрсөтмөсү жетиштүү деп чечим кабыл алды.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов бул өкүмгө нааразы болуп, Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан