"Гитара менен түшкөн сүрөтүм жарыяланса, эч уялбайм" дейт Анжелика

Бүгүн, 13-июлда ырчы Айчүрөк Иманалиева Анжелика Бекболиеванын маркум Мухтар Өмүракунов менен кол кармашып түшкөн сүрөтү боюнча өз пикирин билдирип, ага кайрылуу жасаган.

Бул боюнча Анжелика да үн катып, Айчүрөк Иманалиеванын айткандарынын баары калп дейт.

“Бул сүрөт Орусияга гастролдоп барган кезде тартылган. Анда мен 16-17 жашта болчумун. Концерт бүткөн соң эже менен Мухтар байке экөө мени ээрчитип алып түнкү клубга барышып, бирок менин жашым 18 жашка жете элек болгондуктан клубга кирбей калышкан. Анан башка жактан эле тамактанып отуруп, өздөрү вальс бийлеп, аларды мен сүрөткө тарткам. Андан соң Мухтар байке “кел, экөөбүз да бийлеп жаткандай түшөлү” дегенинен Айчүрөк эже бизди тарткан. Ал күнү түшкөн бир эле бул фото эмес, дагы бир канча сүрөттөр бар. Бул тууралуу жолдошум да билет. Себеби ал кезде Урмат (ред. жолдошу) Москвада иштечү, биз жаңыдан таанышып сүйлөшүп жаткан элек. Андыктан азыр ал мага дем-күч берип, “эжеңдин сөзүнө кирип урушуп кетмек белек?” деп, күлүп койду. Ал эми фотосессия тууралуу айтсам, анда эжени мен эмес, тескерисинче, ал мени чакырган. Ал кезде Айчүрөк эже менин продюсерим болгондуктан анын сөзүн эки кылбашым керек эле. Сүрөттү Динара Макешова аттуу фотограф тарткан. Ал мени тартып бүткөнгө чейин Айчүрөк эже эч жакка чыкпай эле, жанымда отурган. Тартуу иштери бүткөн соң фотосессия кымбат турарын жана ал мага Айчүрөк эже менен Мухтар байкенин атынан белек экенин айтышкан. Анан да ал сүрөттө мен жылаңач эмес, фотографтын сунушу менен үстүмө материал жаап, колума гитара кармап тургам. Анда моюнум эле көрүнбөсө, денем таптакыр көрүнбөйт. Эгер ал сүрөт коомго жарыяланса, мен эч уялбайм. Аны искусство катары кабыл алам.

Учурда кайрымдуулук иштери боюнча чуркап жүргөндүктөн, эжеге теңелип айтышканга убакытым жок. Өткөндө эле радиолордун биринин концертинде ырдап жатсам, ноутбук турган жерге келип музыканы өчүрүп салды. Аны көргөндөр, улуу эле эженин мага теңелип жатканына таң калышты. Ушундан көрө жалпыга жардамы тийген иштер менен алектенсе болмок. Анын айткан сөздөрү мага эч кандай таасир эткен жок. Себеби менин жүрөгүм мээримге толгон, негативге орун жок”, - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (88)
erma_18
2017-07-13 23:03:12
оууу качан бутот ушулардын сериялы, кичуусу улуусунан кечирим сурап койсо баары жакшы болмок беле....
+1
sezim_osmonalieva111
2017-07-13 23:09:30
Анжелика сенин ХХХ жанындагы чогуу иштеп жургон адамдар билет экен.Аябай ХХХ.Негизи Айчурок эженин куйорманы эмесмин деле,бирок Айчурок эже бар сен ушул кунг о чейин Анжелика болуп келдин.Таза,туптуз жургонун чын болсо,эмнеге Айчурокту сотк о берип,жузунду жарык кылып алалбайсын э л алдында,если честно куйооно боорум ооруду
+3
admin_superstan
2017-07-14 10:46:08
sezim_osmonalieva111, далилсиз маалыматтарды жазып, элдин башын чаташтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
aika0906
2017-07-13 23:24:32
Анжелика ал убакта бойдок кыз болчу экен...турмушка чыга элек. журсо жургон да жигиттер менен .как будто силер эрге тийгенге чецин эч ким менен журуп суроттко тушпогондой..бойдок сулууу кызга баары ашык болсо керек
+2
Aruwka.89
2017-07-14 13:37:47
aika0906, тени мн журбойбу чин эле уйбулоолу пищи мн кучакташпай
Запасы да айттыле айчурок мухтар омуракунов мн бир болмого жаткызыптыр кызымы дер аа Эми кордук кызын кучакташып еле озуле жатса керек
+5
laboom
2017-07-13 23:59:55
Fakti menen betine koup berip atsa dagi, tanat, uyalip kalbai, ui buloosun kizdarin oiloso, unchykpai kalmak tiyilip, gulina enesinin akili jok eken koi dep koiboi, kaira kowulup alip soguwat, aichurok ejege teryat nechego, uruwchaak degen ele atka konboso.
+7
miss2014
2017-07-14 09:57:01
Озу Айручок эже аябай коро албайт ХХХ экен эми кызындай болгон немеге тенелбей эле койбойбу?анын ийгиликтери уктатпай ар нерсени айтып чукулап озун кара пиарлап дагы менде суроттор жок деп анда ким фотогроф киргиздиби?бул суротту,ага эч зарыл келбесе керек,дагы кутто туралы !ХХХ дагы несин жарыя кылсам экен деп журсо керек ,эми тан калбай эле койгула дагы бир шумдукту чыгарса,андан коро кызындын бактысын тиле демекчимин.Уят чон эле ХХХ жаны жай алалбай жатат окшойт ХХХ.
-4
admin_superstan
2017-07-14 10:27:02
miss2014, кимжир бирөөнүн кадыр баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
jemchuk
2017-07-14 10:32:17
Бул жакта Анжелика кекчил эжес Айчурок эже кекчил болуп атат. Бир мамлекетти бузгусу келип жатат корунот. Макул Анжеликанын уну жок экен бирок кандай эмгек кылып жатат, 1% талант 99% эмгек деген жарашат, Эгер элге жакпаса эч ким укпаса,таланты жок болсо кундо тойлордо, ар кандай кечелерде эмгек кылып журбойт элего. Айчурок эже тилин тишине катып, бир колунун ачуусун бир колу менен басып сабырдуулук кылып жаш кызга тенелбей оз оокатын кылса болмок.Сабырдын тубу сары алтын.
-3
Shaa-82
2017-07-14 11:12:03
Санта-Барбарага окшоп коп окшойт сериалары.
-1
admin_superstan
2017-07-14 12:06:18
padysha, Beise, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Этика нормаларын сактаңыздар. Эскертүү!
+1
joomart
2017-07-14 14:13:53
Бетин менен каал шумшук уй булоолуу эркектерди сага окшогон бузукулар бузат
+4
joomart
2017-07-14 14:17:06
Уялбастан эртен бул суротторду кыздары корсо не дейт апа бул киши ким кучактап тушкон десе не дейт бул акча учун кыздарын деле чалга берет
+2
admin_superstan
2017-07-14 15:33:37
Nasichat, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, каралоого тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
0
janara_3006
2017-07-14 15:41:53
Айчурок эже Анжеликага ичи куйуп атат окшойт. Анткени ал коз тийбесин эрте куйого тийип уда торт кызын тороп. коп коп ийгиликтерге жетишип отурат. А Айчурок эже уже содасы бутту. азыр ал телевидениеге чыгып ырдаса суйлосо резко каналды которгонго аракет кыласын. анткени аны коргондо аллергия кармап баштайт. Айчурок эже ичин куйсо тус жаласан отуп кетет.
-3
aiman1983
2017-07-17 10:43:05
janara_3006,Созунузго толук кошулам. Мумкун болсо жакшы иштеди, жакшы ырдады деп Айчурокту кобуроок акча менен пенсияга чыгарып койгулачы сураныч, шоу бизнести кор кылды акыркы жылдары.
-1
Gamze90
2017-07-15 15:36:51
Талашкандары эмне болду эми. XXX канчалык чукуса сасыйт дейт. Оз жашоонор менен эле жашай бергилечи. Не кыласынар бири бириндин абиринди ачып Аллах айткан кимдин абирин кимиси жапкан болсо кыяматта менда анын абирин жаап жашырам деп. Кудай кубо баарыбызга болду да жетет да эми. Билип буттук да ким ким экенин
+1
Taalaibek.
2017-07-16 05:40:24
Эжеге теңелип айтышканга убакытым жок деп эле кайра эле айтыша берет экен да.Анжеликанын айткан создоруно такыр ишенбей калдым.
+1
aiman1983
2017-07-17 10:51:08
Айчурок ХХХ, карьерасын Эл эстеп, жакшы ырчы эле деп кала тургандай кылып сыйы менен аяктаса жакшы болмок, ушакчы аялдар да ушагын чупурокко ороп, корком создор менен айтышат. Эстебей турган из калтырып кете турган болду. Анжелика али жаш, кыла турган иштери алдыда, бир Айчуроктун жомогу менен жашоо бутуп калмак беле. Уй булоо ыйык, жашында кантип жургон чагында да бироонун очогун бузган адам жакшы адам эмес.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан