Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-сентябрда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушууда Атамбаевге өлкөнүн энергетикалык системинин иштеши жана аны алдыдагы жылытуу мезгилине даярдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.
Ошондой эле Алмазбек Атамбаев менен Айбек Калиев өлкөнүн энергетикасын мындан ары чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты. Тактап айтканда, Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иштердин жүрүшүнө токтолушту. Мындай кадам станциянын кубаттуулугун 240 мегаваттка жогорулатууга шарт түзүп, анын пайдалануу мөөнөтүн кыйлага узартат.
Мамлекет башчысы күз-кыш мезгилинде туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында энергетикалык системди алдыдагы жылытуу мезгилине дыкаттык менен даярдоо үчүн өз мезгилинде чара көрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.