Аравандын 30 миңден ашык тургуну Өмүрбек Бабановду колдоого келишти

Президенттике талапкер Өмүрбек Бабанов түштүк аймагында үгүт иштерин улантууда. Бул жолу ал Ош облусундагы Араван районунун Араван айылынын тургундары менен жолукту.

"Алдыга жол" программасы менен таанышуу үчүн 30 миңден ашык жергиликтүү тургундар келди.

Саясатчы Араван эли мамлекеттин келечектеги тагдырына кайдыгер карабай, активдүү колдоп жатканы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Мен Араван районунун тургундары паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн райондун борборуна барып, узун кезектерде туруп, пара берүүгө туура келет экенин билем. Мени колдоп бериңиздер, биз ар бир айылда калкты тейлөөчү борборлорду ачабыз. Алыс кетпей паспорт алып, суу, электр жарыгынын акчасын төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди ал.

Региондорду өнүктүрүүдөгү дагы бир маанилүү маселе - бул жергиликтүү ишкерлерге шарт түзүп берүү.

"Айыл жергесинде кичи жана орто бизнес ачам дегендер 5 жылга салыктын бардык түрүнөн бошотулат. Алдыдагы пландарды ишке ашырууга толук күчүбүз жетет. Биз улуу жолду басып өткөн элбиз, кыргыз элин татыктуу келечек күтөт", - деди талапкер.

Алдыдагы Өмүрбек Бабановду колдоп жергиликтүү тургун Кыялбек Абдыжапаров талапкердин демилгелери колдоого татыктуу экенин белгиледи.

Мохичехра Тешабаева жаштардын убактысы келгенин айтты.

"Биз Бабановду колдошубуз керек, себеби бул Кыргызстан үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүк. Бабанов татыктуу, сыймыктана турчу инсан. Кыргызстан бул адам менен алдыга чоң секирик жасайт", - дейт ал.

"Алдыга жол" программасы 5 кадамдан туруп, президенттин тарыхый жарлыктары катары көрсөтүлгөн. Алар өлкөдөгү башкы тиричиликти түп тамырынан бери өзгөртүүгө арналган:

«Өлкөнү башкаруунун жаңы стили»

«Жаны экономика жана социалдык саясат»

«Коррупциясыз өлкө. Көз карандысыз саясий система»

«Коопсуз мамлекет»

«Эффективдүү тышкы саясат. Маданий мурас»

Аткаруучу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т.
Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э. Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 15.09.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан