Ысык-Көлдүктөр Темир Сариевди колдошот

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Темир Сариев Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарында шайлоочулар менен жолугуп, өз ара пикир алмашты. Стадионго толгон көлдүн эли Темир Сариевди кубануу менен кабыл алып, анын жасаган иштерин жарыша айтып жатышты. “Темир Сариевдин Ысык-Көл үчүн жасаган иштерин жергиликтүү жашоочулар жакшы билишет. Себеби анын демилгеси менен союз урагандан бери каралбай келген көлдүн айланма жолунун долбоору иштелип, Корумду-Балыкчы кан жолунун реконструкциясы башталган. Болгондо дагы бюджеттик каражат менен эч кандай сырттан насыя, карыз акча албай баштаганы, курулуш иштеринин башка жолдордон арзандыгы биз баалай турган кадам болгон. Ошондой эле Чолпон-Атадагы ат майдандын заманбап курулушунда да Темир Аргенбаевичтин эмгеги зор. Дегеле, анын аймакка туристтерди тартуу, дыйкандар менен фермерлердин өндүргөн продукцияларын сактоо, сатуу, түшүмүн арттыруу боюнча аракеттери, ай сайын келип эл менен жолугуп турганы биздин эсибизде калды. Биз бир добуштан Темир Сариевди колдойбуз”, - деди чогулган элдин арасындагы Азамат Кенжегулов аттуу жаш ишкер.

Ал эми өзүнүн программасын элге тааныштырып жатып, Темир Сариев Ысык-Көл облусу Кыргызстандын эле эмес, Орто Азиянын деңгээлиндеги эң маанилүү аймак экендигин, андыктан облуска мамлекет тарабынан өзгөчө камкордук керектигин, натыйжада көл калаасы Кыргызстандын бюджетине ири салым кошо тургандыгын да баса белгиледи.

“Менин программам жөнөкөй, бирок эффективдүү. Мен ага бизде болуп жаткан эң алгач чечүүнү талап кылган маселелерди камтыдым. Алар эне менен баланы коргоо, татыктуу билим берүү, сапаттуу саламаттыкты сактоо, экономиканы сырткы гана эмес ички инвесторлордун көмөгү менен көтөрүү, коррупцияны жоюп, ишкерлик менен саясатты өз ордуна коюу. Эң башкысы темирдей тартип жана мыйзамдын так аткарылышы. Бизге азыр ушул гана керек. Мыйзам иштеген жерде, тартип орногон жерде өнүгүү болот”, - деди Темир Сариев.

Ал президент болуп шайланып калса Ысык-Көлдөн өндүрүлчү түшүмгө атайын логистикалык борбор куруларын, көлдүктөрдүн жер-жемиштери ушул аймакта кайра иштетилип, сапаттуу даяр азыктар сыртка экспорттолорун белгилеп, шайлоодо элди Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн сатылбай добуш берүүгө чакырды.


Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сариев Т.А. PR-кызматы тарабынан даярдалды. Бишкек шаары, Манас көчөсү 40. Даярдалган күнү: 22-сентябрь, 2017-жыл. Даанасы 1.
Буйрутма Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сариев Т.А. тарабынан берилди. Талапкердин каржы маселеси боюнча өкүлү Мусаев Б. тарабынан шайлоо фонду аркылуу төлөндү (р/счет 1299007890000328)

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан