Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык депутаты Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралмак. Бирок Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова иш сапары менен Бишкек шаарынан башка жакка кетип отурумга келе албай калгандыктан, сот Текебаевге мамлекеттик жактоочуну дайындап бир саат тыныгуудан кийин отурумду улантуу чечимин чыгарды.
Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.