Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы Башкы прокуратуранын кылмыш иш козгоо жана ишкер Борис Воробьев коюп жаткан айыптоолорго карата билдирүү таратат:
“Кылмыш иши талапкерге карата эмес, шайлоочулардын добушун сатып алуу делинип жаткан факты боюнча козголгон. Кылмыш ишин козгоону административдик ресурсту колдонуунун бир формасы жана кезектеги провокация деп эсептейбиз.
Борис Воробьев өткөргөн маалымат жыйынга келсек, Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов тууралуу бардык текшерилбеген жана тастыкталбаган сөздөрүн толугу менен кабыл алууга мүмкүн эмес жана аны ыксыз саясий провокация деп эсептейбиз. Эгерде Воробьевдун кандайдыр бир чарбачыл мүнөздөгү доо-талабы бар болсо, анда тиешелүү соттук инстанцияларга кайрылып, мыйзамдын алкагында өз маселелерин чечүүнү сунуштайбыз (маалымат үчүн: Б.Воробьев менен Ж.Сурабалдиевдин ортосундагы чарбачыл талаштар тээ 2000-жылдардын башында эле болгон).
Соттук териштирүүлөрдөн алыс болуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынан Воробьев сыяктуу жана башка адамдардын тастыкталбаган маалыматын жайылтпоону, Өмүрбек Бабановдун ар-намысы жана кадыр-баркына шек келтирген жана соттун чечимине чейин аныктыгы далилденбеген маалыматты жарыялабоону катуу суранабыз.
Талапкер Ө.Т.Бабановдун штабы бул факты боюнча сотко арыз жазып, ал материалдар ошондой эле БШК менен Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди”.